• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Көчмө мульти-диагностикалык комплекс Сокулук районунда иштей баштады

Ден соолук 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Көчмө мульти-диагностикалык комплекс Чүй облусунун Сокулук районунун тургундарын бекер медициналык кароодон өткөрөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев комплекстин Сокулук районунун тургундарын кабыл алуу жана текшерүүгө даярдыгы менен таанышты.

Мульти-диагностикалык комплекс болжол менен үч айга жакын иштеп, андан соң Нарын облусуна кетет.

Диагностикалык комплекс акысыз медициналык текшерүүлөрдү, дарылоону жана консультацияларды, ошондой эле ыңгайлуу жана жеткиликтүү форматта диагностикалык кызматтарды көрсөтөт. «Сокулук районунда 200 миңден ашуун калк жашайт. Бул көптөгөн жашоочулар үчүн райондон чыкпай туруп текшерүүдөн өтүп, адистер менен суроолорун талкуулоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк», - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Мобилдик комплекс медициналык изилдөөлөрдүн кеңири спектрин жүргүзүүгө жана ар кандай ооруларды диагностикалоого мүмкүндүк берүүчү заманбап жабдуулар менен жабдылган. Анын иши медициналык жардам алууда кыйынчылыктарга туш болгондорго сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган.

Эскерте кетсек, долбоор беш жылга эсептелген жана бул убакыт аралыгында Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан дары-дармектер, жабдуулар, күйүүчү-майлоочу майлар жана медицина кызматкерлерине айлык акы берилет. Мобилдик клиникада дарыгерлердин кабинеттери, лаборатория, компьютердик томограф жана маммограф, операциялык блок, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борбору бар. Бейтаптарды ташуу үчүн кичи автобустар, анын ичинде тез жардам унаасы да бар.

Пикир

Оставить комментарий