• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Күн качан жылыйт? Синоптиктердин 5-февралга чейинки божомолу

Коом 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 29-январынан 31-январына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүү коркунучу бар. Ошондой эле аталган тилкелерде кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Синоптиктердин маалыматына таянсак, эртең жана бүрсүгүнү Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. 30-31-январь күндөрү жана 1-3-февралда шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге, 2-3-февралдарда түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

4-февралда болсо Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жана Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

5-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий