• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖКга кайра шайлоого талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. БШК 30-январда саат 18:00дө 27-февралга дайындалган №27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктаганын билдирет.

Маалыматка ылайык, талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө 72 талапкер арыз берди, 55 талапкер каттоого документтердин толук топтомун тапшырды.

Бүгүнкүгө карата:

- 37 талапкер катталды;

- 9 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди (алардын бирөө – катталган талапкер);

- каттоодон баш тартылды – 1 талапкерге;

- каттоого документтердин толук топтомун/же баш тартуу жөнүндө арыз тапшырган эмес – 7 талапкер.

18 талапкердин каттоого берген документтери каралууда.

№27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 36 талапкер (33 эркек, 3 аял) талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берди, 28 талапкер каттоого документтердин толук топтомун тапшырды, анын ичинде:

- 16 талапкер катталды;

- 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди;

- каттоодон баш тартылды – 1 талапкерге;

- каттоого документтердин толук топтомун/же баш тартуу жөнүндө арыз тапшырган эмес – 2 талапкер.

12 талапкердин каттоого берген документтери каралууда.

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча 36 талапкер (25 эркек, 11 аял) талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берди, 27 талапкер каттоого документтердин толук топтомун тапшырды, анын ичинде:

- 21 талапкер катталды;

- 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди (алардын бирөө – катталган талапкер);

- каттоого документтердин толук топтомун/же баш тартуу жөнүндө арыз тапшырган эмес – 5 талапкер.

6 талапкердин каттоого берген документтери каралууда.

Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 61-беренесине ылайык, депутаттыкка талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 20 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2022-жылдын 7-февралына чейин аяктарын билдиребиз.

Конституциялык мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн, башкача айтканда, 2022-жылдын 7-февралынан тартып башталат.

Пикир

Оставить комментарий