• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кара-Кулжада 225 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. Кара-Кулжа районунун Кооч-Чаты айылында заманбап 225 орундуу орто мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин ачылыш аземине Жогорку Кеңешинин депутаты Эмил Токтошев, райондун акими Дамир Кулубаев жана тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты.

Аким Кулубаев жергиликтүү тургундарды, билим берүү кызматкерлерин жана мектеп окуучуларын жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, ар бир жаңы ачылган билим уясы - мамлекет тарабынан билимге, келечекке жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган улуу жол экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий