• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун башчысы Таш-Көмүр шаарынын тургундары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев Таш-Көмүр шаарынын жашоочулары менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкүл менен жолугушууда Таш-Көмүр шаарынын 15 миңден ашуун калкы канализация суусу түз куюлган Нарын дарыясынан суу ичери, алардын ден соолугуна кооптуулук жараткан суу санитардык, экологиялык да талапка жооп бербей тургандыгы айтылды.

Андан сырткары, Таш-Көмүр шаарынын эң негизги көйгөйүнүн бири катары шаар ичинде калк үчүн бир күндө 2 саат гана суу берилери айтылды.

Жолугушууда ошондой эле жер көйгөйү, дарыгерлердин жетишсиздиги, кенге байланышкан чырлар, жеке маселер көтөрүлдү. Шаар мэрининин иш-аракетине да бир топ сын-пикирлер билдирилди. Мындан сырткары, аймакта пособие алуу да бир топ түйшүк жаратары белгиленди.

Жолугушууда шаарга караган 5 айылдын элинин талабы бүгүн да трибунада көтөрүлдү. Алар көп жылдардан бери Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгып, Ноокен аймагына кошулууну каалап келишет. Анткени, бул айылдар Ноокенге чектеш, дыйканчылыкка ыңгайлуу жер. Бул жаатта шаар бийлигинен колдоо болбой келгенин билдиришти.

Өз кезегинде, ыйгарым укуктуу өкүл маселе учурда Жогорку Кеңеште каралып жатканын маалымдады.

Элдин көйгөйүн жеринен уккан облус башчысы тийиштүү органдарга тапшырма берди. Жарандар тарабынан берилген ар бир суроонун чечилүүсүн көзөмөлгө аларын убадалады.

Жыйындын жүрүшүндө жалпы 50гө жакын ар түрдүү багыттагы маселелер айтылды. Таш-Көмүр шаарында 44 миң калк жашайт. Бүгүнкү жыйынга 500гө жакын тургун катышты.

Пикир

Оставить комментарий