• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кашкадарыя облусунда май куюучу жайдагы жарылуудан бир киши каза тапты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. 22-апрель күнү эртең менен Кашкадарыя облусунун Каршин районундагы Дашт айлында май куюучу станцияда Nexia үлгүсүндөгү автоунаага орнотулган газ баллон жарылды.

Кашкадарыя облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, окуя болгон жерде бир киши өлдү, дагы бири ооруканага жеткирилди.

Өзбекстан Өзгөчө кыраалдар министрлиги бул факты боюнча тергөөгө чейинки териштирүү башталганын кабарлады.

Пикир

Оставить комментарий