• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакстанда акыркы суткада 1 миң 128 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 128 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 125, Алматы шаарында – 134, Шымкент шаарында – 24, Акмоло облусунда – 70, Актөбе облусунда - 22, Алматы облусунда - 55, Атырау облусунда - 20, Чыгыш-Казакстан облусунда – 77, Жамбыл облусунда – 12, Батыш-Казакстан облусунда – 27, Караганда облусунда - 140, Костанай облусунда -102, Кызылорда облусунда – 19, Мангистау облусунда - 12, Павлодар облусунда - 127, Түндүк-Казакстан облусунда - 143, Түркстан облусунда – 19 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 951 миң 667 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий