• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Казакстанда өткөн суткада коронавирус 2842 адамдан аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 842 адамдан аныкталды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 591, Алматы шаарында - 709, Шымкент шаарында - 88, Акмоло облусунда - 103, Актөбе облусунда - 202, Алматы облусунда - 355, Атырау облусунда - 131, Чыгыш-Казакстан облусунда - 60, Жамбыл облусунда - 49, Батыш-Казакстан облусунда - 127, Караганда облусунда - 210, Костанай облусунда - 33, Кызылорда облусунда - 42, Мангистау облусунда - 30, Павлодар облусунда - 42, Түндүк-Казакстан облусунда - 46, Түркестан облусунда – 24 адамдан COVID-19 аныкталган.

Казакстанда пандемия башталгандан тарта бардыгы болуп 269 миң 519 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий