• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

ӨКМ: Жашыл долбоордун алкагында иштер уланууда

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Жашыл долбоордун алкагында иштер уланууда, - деп кабарлайт ӨКМдин маалым кызматы.

Алсак, Кочкор районунун аймагында “Жашыл долбоор” иш-чарасын 2021-жылы ишке ашыруу максатында Чолпон айыл аймагынын Эпкин айылында жер алдындагы суулардын деңгээли көтөрүлгөн 1 гектар аймак планга сунушталган.

“Жашыл долбоорду” ишке ашыруу максатында ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 237 килограмм тикенек зым жана Кочкор райондук Токой чарбасынан 700 даана тал-теректин көчөтү бөлүнүп берилген.

Мындан тышкары, тикенек зым менен тосмолоо жумуштары жүргүзүлгөн. Көчөт отургузуу жумуштары 27-апрель күнү башталды. Тосмолоо жумуштарына жана көчөт отургузууга айылдын 30 тургуну тартылып, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын негизинде тиешелүү азык-түлүк менен камсыздалышат.

Учурда көчөт отургузуу жумуштары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий