• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кочкордо эки жүк ташуучу унаа күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Кочкор районунун Сүттүү-Булак тилкесинде эки жүк ташуучу унаа сүзүшүп, күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 11-июлда саат 08:20 чамасында болгон. Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 222-чакырымында Volvo жана Renault үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалар сүзүшкөн. Биринчи унаа толугу менен өрттөнүп, экинчи унаанын прицеби күйүп кеткен. Ведомствонун маалыматына ылайык, каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий