• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Конституциялык сот соттуулугун мөөнөтүнөн мурда алып салуу боюнча чечим чыгарды

Коом 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзамдарындагы нормалардын конституциялуулугун текшерүү тууралуу жарандардын кайрылуулары боюнча иштерди карады.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 29-мартта Ж. Шарапов, С.А. Матцаков, Е.А. Рамазанова жана Н.Б. Байышовдун кайрылуулары боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 95-беренесинин, “КР Кылмыш-жаза кодексин, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 мыйзамдын конституциялуулугу жөнүндө ишти караган.

“Карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча Конституциялык сот Кылмыш-жаза кодексинин 95-беренесин Конституциянын адам укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгарган же кемсинтүүчү мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салган 56-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп тапты”, - деп айтылат маалыматта

Ошону менен бирге Конституциялык сот “КР Кылмыш-жаза кодексин, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамынын 5-беренесинин 2-пунктун “КР Жазык кодексин, КР Жоруктар жөнүндө кодексин, КР Жазык-процесстик кодексин, КР Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” КР мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” 2017-жылдын 24-январы № 10 мыйзамынын 7-беренесинин 17-пунктун күчүн жоготту деп табуу бөлүгүндө Конституциянын 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп тапты.

Ошентип, Конституциялык соттун чечимине ылайык, 1997-жылдан 2017-жылга чейин жазасын өтөгөн адамдардын жазасын өтөгөндөн кийин кынтыксыз жүрүм-туруму болгон учурда, соттуулугун мөөнөтүнөн мурда алып салуу боюнча сотко кайрылууга укугу пайда болот.

Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 5-бөлүгү Конституциянын 56-беренесинин 2, 4-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп табылган.

Буга байланыштуу Конституциялык сот министрлер кабинетине ушул чечимден келип чыккан тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгууну жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү тапшырды. Мында Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренеси чечимге ылайык келтирилгенге чейин өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоо мөөнөтү эркиндигинен ажыратуунун эки күнү камакта кармоо үчүн бир күн эсебинде чегериштирилүүгө тийиш.

Конституциялык сот мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын же алардын жоболорунун конституциялык эмес деп белгилениши, алардын КР аймагында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле соттук чечимдерди кошпогондо, конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушун жокко чыгарат деп эскертет.

Аларды ылайык келтирүүгө же жокко чыгарууга чейин түздөн-түз Конституция жана Конституциялык соттун чечимдери колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий