• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги №20 бала бакчаны оңдоо иштери 80 пайызга аяктады

Коом 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Бишкектеги №20 бала бакчаны оңдоо иштери 80 пайызга аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө менен бирге кайра пландаштыруу жүргүзүлүүдө. Учурда ички жасалгалоо иштери, ошондой эле көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Бала бакчанын имараты эки кабаттуу, аянты 1231 чарчы метрди, ал эми жалпы аянты 0,52 гектарды түзөт.

"Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 130 орунга ылайыкталган, анда ымыркайлар тайпасы, кенже тайпа, 2 жогорку тайпа жана 2 мектепке чейинки даярдоо тайпалары болот. Ойноочу жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары музыка жана гимнастика үчүн өзүнчө бөлмө каралган, ошондой эле медициналык бөлмөлөр, тамак-аш блогу, кир жуучу жай жана тейлөө бөлмөлөрү болот", - деп белгилешти мэриядан.

Мындан тышкары, ар бир топ үчүн өзүнчө балдар аянтчалары курулат.

Пикир

Оставить комментарий