• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

КР Акыйкатчысы Ак-Суудагы психоневрологиялык соцмекемеге барды

Аймак 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Кечээ, 13-октябрда Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов, борбордук аппараттын бир катар кызматкерлери жана КР Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте Ак-Суу районундагы психоневрологиялык социалдык мекемегебарышты. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара “Укук кербени” долбоорунун алкактарында өткөрүлдү.

Ак-Суудагы психоневрологиялык мекемеге барган учурда КР Акыйкатчысы жана аны коштоп жүргөн кызматкерлер мекемедеги кармоо шарттары, тамак-аштын сапаты, медициналык тейлөөнүн абалы жана бул мекемедеги бейтаптардын укуктарынын сакталышына көңүл бурушту. Ал жердеги бейтаптар жана персоналдар менен баарлашты. Алардан КР Акыйкатчысынын наамына эч кандай арыз, даттануулар түшкөн жок.

Андан соң Токон Мамытов жана “Укук кербенинин” калган катышуучулары Жети-Өгүз районуна барышты. Райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Эсенгелди уулу Нургазы менен жана муниципалдык органдардын, жарандык сектордун өкүлдөрү жана райондун калкы менен жолугушту.

Акыйкатчы жолугушууга келген жарандарга ушул жылдын 4-октябрында сапарга чыккан “Укук кербени” долбоору тууралуу айтып берди. Бул долбоор учурда республикабыздын 4 облусунда ишке ашууда. Анын иш чараларына Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү 2-баскыч” программасы тарабынан колдоо көрсөтүлүүдө. Ошондой эле, Акыйкатчы институтунун адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү негизги ишмердиги жана “115 Шыр байланыш” кызматынын иши тууралуу маалымат берилди.

Андан кийин Токон Мамытов жарандарды жеке кабыл алуу уюштурду, укук маселелери боюнча жекече консультацияларды берди. Тигил же бул маселе боюнча укук жана эркиндикти кантип коргоо жолдорун түшүндүрдү.

Бул жолугушууда жана жеке кабыл алуу учурунда келип түшкөн ар бир кайрылуу КР Акыйкатчы аппараты тарабынан тыкыр текшерилип, алар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөт, анын жыйынтыктары тууралуу арыз ээлерине билдирилет.

Пикир

Оставить комментарий