• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

КР биринчи айымы: Аялдар саясатта көптөгөн реформаларды жүргүзүп, коомдун жашоо образын өзгөртө алат

Коом 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Аялдар саясатта көптөгөн реформаларды жүргүзүп, коомдун кадимки жашоо образын өзгөртө алат. Бул тууралуу бүгүн жергиликтүү кеңештерге шайланган депутат аялдарды сыйлоо аземинде Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова билдирди.

Мамлекет башчынын жубайы эркин көрсөтүп, жергиликтүү кеңештерге шайлоодон өткөн бардык аялдарды куттуктады. “Бул абдан кубанычтуу жана дымактуу. Жергиликтүү кеңештердеги аялдардын өкүлчүлүгү өлкө демократияга бет алгандыгын жана гендердик тең салмактуулукту сактоо боюнча бир топ иш-аракеттерди жүргүзүп жаткандыгын айгинелейт. Мындай иш-чарага катышканыма абдан кубанычтамын жана сиздерге суктангандыгымды билдиргим келет”, - деген Жапарова лидер аялдарды колдоого ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

“Мен аялдар саясатта көп реформаларды жасап жана коомдун көндүм жашоо образын өзгөртө алат деп ишенем. Анткени, аялдар табиятынан күчтүү келет жана бир эле учурда бир нече ишти алып кете алышат: балдарды тарбиялап, үй-бүлөгө кам көрүшөт жана мамлекеттик көйгөйлөрдү чече алат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий