• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Биринчи Дельфи оюндары өтөт

Коом 0

Бишкек, 25.10.22. /Кабар/. Бишкекте 2022-жылдын 27-октябрынан 1-ноябрына чейин Биринчи Дельфи оюндары өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оюндар “Дельфий Бишкек! Катыш! Аракет кыл! Жең!" урааны астында, "Улуу Жибек Жолундагы Дельфи оюндары!" маданий-агартуу долбоорунун алкагында өтмөкчү.

Бул долбоордун максаты – маданиятты жайылтуу жана ата мекендик практикада искусствонун, чыгармачылыктын, аткаруучулук ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрү боюнча таланттуу жаштар үчүн фестиваль сынактарын өткөрүү үчүн шарттарды түзүү, ири эл аралык жайлардагы жаш искусство лидерлерин аныктоо жана андан ары колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Сынактар классикалык, элдик жана заманбап искусствонун 12 номинациясында, анын ичинде ар кандай багыттарды жана жанрларды камтыйт, ар бир номинация боюнча алтын, күмүш жана коло медалдардын ээлери аныкталат.

Катышууга Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана башка өлкөлөрдүн маданият, искусство, билим жана илим ишмерлери чакырылган.

Баяндамачылар ийгиликтин формуласы, жаштарды жаңы позитивдүү жетишкендиктерге шыктандырган кызыктуу тажрыйбалар менен бөлүшөт.

Биринчи Бишкек Дельфи оюндарынын жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында тегерек стол өткөрүлөт, анда Дельфи кыймылынын өнүгүү тенденцияларын жана болжолдуу маселелерин кароо пландаштырылууда. Улуттук маданияттын жана искусствонун артыкчылыктарынын динамикасын аныктоо искусствонун жогорку форуму катары өлкөдөгү дельфи кыймылдын туруктуу негизде андан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий