• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

КР дзюдочулары кыздар арасындагы Азия чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 04.05.18. /Кабар/. КР дзюдо боюнча жаш кыздар арасында курамасы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, спорттук мелдеш 9-13-май күндөрү Бейрут (Ливан) шаарында өтөт. Кыргызстандын атынан үч спортчу барат.

Спортчулар спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды. Ал үчун дирекциянын бюджетинен 163 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий