• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

КР премьер-министринин жана өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. КР президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжаларын 2021-жылдын 20-январында расмий жарыялагандыгына жана С.Н. Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын токтоткондугу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2-бөлүгүнө, 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

— С.Н. Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын токтоткондугу жөнүндө арызы кабыл алынсын жана ал ээлеген кызматынан бошотулсун;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштеп жаткан курамы кызматынан кетти деп эсептелсин;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин милдеттерин аткарат деп белгиленсин;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу А. Э. Новиковго жүктөлсүн.

Пикир

Оставить комментарий