• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

КР ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-майда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Кыргызстанда жаңы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Элчи А.Доган тарабынан Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшыруу, эки тараптуу стратегиялык кызматташтыктын келечегин, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулоо жолугушуунун негизги максаты болду.

Белгиленген менен бирге, 2021-жылдын 28-29-апрелинде адам курмандыктарына алып келген кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын элине көңүл айтып, Түркия Республикасынын жетекчилиги кыргыз элине бекемдикти жана биримдикти, ошондой эле бардык жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетүүнү каалап кетти.

Министр түрк тарапка кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн кайгылуу окуялар, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жогорку жана эң жогорку деңгээлде жетишилген келишимдердин чоо-жайы жөнүндө маалымат берди. Сүйлөшүү процессин мындан ары жемиштүү өткөрүү үчүн турукташтыруучу шарттарды ишке ашыруу максатында эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын жана аткаруу бийлигинин кызматкерлеринин биргелешкен жумушчу тобунун ишин белгиледи. Ошол эле учурда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды аткарууга кыргыз тарабынын ниетин баса белгиледи.

Эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгы тууралуу, министр Казакбаев боордош Түркия Республикасы менен түзүлгөн стратегиялык кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө терең кызыкдар экендигин белгилеп, Догандын Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси катары аккредитацияланышы өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө саламын кошоруна үмүтүн билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын учурдагы күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты, натыйжага багытталган жакынкы, орто жана узак мөөнөттөгү өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси А.Доган түрк тараптын, саясий, соода-экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө жигердүү кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүүгө терең кызыгуусун тастыктады. Кыргызстандын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана чыр-чатакта жабыркаган регионду калыбына келтирүү маселелеринде ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн Түркия чечкиндүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий