• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

КРда акыркы 10 жылда калктын орточо өмүр сүрүү курагы узарды — Чолпонбаев

Коом 0

Бишкек, 26.07.19./Кабар/. Кыргызстанда акыркы 10 жылда калктын орточо өмүр сүрүү курагы узарган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРнын Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Ал белгилегендей, бул абдан жакшы жетишкендик. Демек, бул калктын жашоо шарты, сапаты жакшыргандыгын көрсөтөт.

“Акыркы жылдары жана 2019-жылдын жарым жылдыгы боюнча төрөлүү көрсөткүчүнүн өскөндүгү белгиленет. Ал калктын 1000не 26,4тү түзгөн. Калктын жалпы өлүү көрсөткүчүнүн шарттуу түрдө төмөндөөсү көрсөтүлүүдө. 2019-жылдын биринчи жарымында бул көрсөткүч 1000ге 5,2ни түзгөн (2018-жылдын 5 айында - 5,4%)”, - деп маалымдады министр.

Пикир

Оставить комментарий