• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кубанычбек Өмүралиев Израилдин президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 08.04.22./Кабар/. 2022-жылдын 7-апрелинде резиденциясы Түркиянын Анкара шаарында жайгашкан Кыргызстандын Израилдеги элчиси Кубанычбек Өмүралиев Израиль мамлекетинин президенти Ицхак Герцогго ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тапшыруу аземинин башында Кыргызстандын желеги көтөрүлүп, оркестрдин аткаруусунда Кыргызстандын гимни ойнотулду.

Президент И.Херцог элчи К.Өмүралиевди ыйык Рамазан айынын башталышы, Кыргызстан менен Израилдин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, мааракелик датага карата Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго даректелген куттуктоо катын тапшырды.

Элчи Өмүралиевди Израилдеги дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, президент И. Герцог Кыргызстан менен Израилдин ортосундагы достук мамилелер мындан ары да чыңдалып, мындан ары өнүгүп-өсүүсүнө ишенимин билдирди.

Өз кезегинде элчи К. Өмүралиев куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн айыл чарба, туризм, билим берүү, илим ж.б., бардык тармактар боюнча эки тараптуу кызматташуусуна өзгөчө маани берерин белгиледи.

Өмүралиев эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн практикалык кадамы катары туризм, кош салык салуудан качуу, инвестицияны коргоо жана эркин соода тармагында келишимдерге кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Маалымат катары: Кубанычбек Өмүралиев 2019-жылдын 12-мартында КР президентинин Жарлыгы менен Кыргыстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалган. 2019-жылдын 26-апрелинде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга ишеним грамотасын тапшырган.

2021-жылдын июль айында КР президентинин Жарлыгына ылайык, резиденциясы Түркия Республикасынын Анкара шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Израиль Мамлекетиндеги элчиси болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий