• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Куткаруучулар Токтогулда карга тыгылып калган жүк ташуучу унааны чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Куткаруучулар Токтогулда карга тыгылып калган жүк ташуучу унааны чыгарды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек - Ош унаа жолунун 210-чакырымында DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, карга тыгылып калган. Жерине ӨКМден 3 куткаруучу, КамАЗ унаасы жана 1 жүктөгүч тартылып, жүк ташуучу унаа сүйрөтүп чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий