• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлери "Ак-Жол" жана "Кордай" өткөрмө пункттарына барышты

Коом 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов "Ак-Жол" (КР) жана "Кордай" (Казакстан) өткөрмө пункттарына барышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттарына барган министрлер, анын иши менен таанышып, аны реконструкциялоо маселелерин талкуулашкан.

Бул жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, атап айтканда, чек ара кызматтарынын башчылары дагы болгон. Алар өткөрмө пунктун модернизациялоого багытталып жүргүзүлүп жаткан иш тууралуу маалымат беришкен.

"Туристтик сезондун жыйынтыгы боюнча аталган өткөрмө пункттун инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча иштерди баштоо үчүн эки өлкөнүн профилдүү ведомстволору жакынкы убактарда бардык зарыл иш кагаздарды макулдашууну сүйлөшүштү. Сапардын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2019-2020-жылдарга Кызматташуу программасына, ошондой эле чек ара өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн тилкелери жөнүндө КР өкмөтү менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы Протоколго кол коюлду", - деп билдиришти министрликтен.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-май күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун чакыруусу боюнча Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов Кыргызстанга расмий сапары менен келген.

Пикир

Оставить комментарий