• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

БУУнун баяндамачысы Казакстандагы интернет чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.05.19 /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Терроризмге каршы күрөшүү шарттарында адам укуктары менен негизги эркиндиктерин коргоо боюнча атайын баяндамачысы Фионнула Ни Аолэйн Казакстандагы интернет чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирди.

«Бүтүндөй сайттарга, стрим-сервистерге бөгөт коюлду. Мунун бардыгы коопсуздукту камсыз кылуу аракети менен түшүндүрүлүп жатат. Адамдардын жыйын өткөрүү, өз оюн айтуу экиндиги эл аралык коомчулук тарабынан корголот. Мени коопсуздук максатында деп мындай мыйзамдуу укуктарга чектөө коюлуп жатышы тынчсыздандырууда», — деп билдирди Фионнула Ни Аолэйн.

Казакстандыктар 9-май күнү интернетке кирүүдө тоскоолдуктарга кабылышкан. Эртең менентен тарта өлкөдө «Азаттыктын» казак кызматы баш болгон бир топ маалымат каражаттарынын сайттары, ошондой эле Facebook, Telegram, YouTube жана Instagram ачылбай калган. Анда интернет эркиндигине мониторинг кылган эл аралык NetBlocks уюму бул чектөөлөргө мурдагыдай эле нааразылык акциялар себеп болгонун белгилеген.

14-майда Казакстандын Маалымат министри Даурен Абаев интернетке кирүүдөгү көйгөйлөр боюнча берилген суроого жооп берип жатып, анын мекемеси «байланыш үчүн жооп бербей турганын» жана сайттарга «бөгөт коюуга тиешеси жок экенин» билдирген.

9-майдын алдында казак полициясы күчөтүлгөн иш тартибине өткөн. 8-майда өлкөнүн Башкы прокуратурасы жарандарды уруксат берилбеген нааразылык акцияларга чыкпоого чакырып, алардын катышуучулары жоопко тартыла турганын эскерткен.

Ага чейин өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы 9-майда «Өлбөс полк» менен катар митинг өткөргөнү жатканын кабарлаган. Буга байланыштуу ал күнү Нур-Султан, Алматы жана Актөбө шаарларында көчөгө чыккан бир нече киши кармалган.

Пикир

Оставить комментарий