• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстан менен Люксембургдун тышкы иштер министрлери кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Люксембургдун тышкы жана европа иштери боюнча министринин чакыруусу менен алгачкы ирет Люксембурга иш сапары менен барды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында күн мурун, 13-февралда министр Айдарбеков Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Асселборн менен жолуккан. Жолугушуу тар жана кенен форматта өтүп, өлкөлөр ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташууну арттыруу маселелери талкууланды.

"Өлкөлөр ортосундагы долбоордук-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгү жана кызматташуунун бардык спектри боюнча эки тараптуу байланыштарды активдештирүү үчүн ар кандай деңгээлдерде өз ара сапарларды уюштуруунун зарылдыгы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Министр Айдарбеков эки тараптуу экономикалык кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн приоритеттүүлүгүн баса белгилеп, 2020-жылдын жайында Бишкекте пландалып жаткан "Борбордук Азия – Европа Биримдиги: жашыл экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк аракетте" деп аталган I экономикалык форумдун ишине Люксембург тарапты активдүү катышууга чакырды.

Ошондой эле жолугушууда региондор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, атап айтканда, Кыргызстандагы Люксембург деп аталган айыл менен байланыштарды арттыруу жолдору каралды.

Андан тышкары, министрлер авиакаттамдар, салык жана банк чөйрөлөрүндө эки тараптуу макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгуу маселелерин карап чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий