• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан Пакистандын ири текстиль ишканасы менен кызматташтыкты кеңейтет

Коом 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-мартында Равалпинди шаарында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Пакистандын «Kohinoor Textile Mills Ltd» ири текстиль компаниясынын башкаруучусу Тауфик Сайед Сайгол менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар текстиль тармагында эки өлкөнүн кызматташуусунун келечегин, тактап айтканда эки өлкөнүн текстиль ишканаларынын ортосунда тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Пакистан тарапка Кыргызстандагы текстиль өнөр жайынын учурдагы абалы жана анын зор дарамети жөнүндө маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар текстиль тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында кызматташууну кеңейтүүгө жана сүйлөшүү процессин улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Маалымат үчүн: "Kohinoor Textile Mills Ltd" компаниясы 1953-жылы Равалпинди шаарында негизделген жана текстиль өндүрүшүндө 50 жылдан ашык тажрыйбасы бар Пакистандагы эң байыркы компаниялардын бири. Компания алгач 600 токуу машинасы бар, жип ийрүүчү жана токуучу ишкана катары негизделген. Бирок, ондогон жылдардан бери кеңейип жана модернизациялангандан кийин "Kohinoor Textile Mills Ltd" жип ийирүү, токуу, боёо, полиграфия жана сайма сайуу боюнча заманбап мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон, толугу менен вертикалдуу интеграцияланган үй текстилдерин чыгаруучу компанияга айланды. Компаниянын кардарлар базасы Европа, АКШ, Австралия, Азия, Түштүк Африка жана Жакынкы Чыгышты камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий