• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда аскердик мобилизациялык резервдин жыйыны башталды

Коом 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда аскердик мобилизациялык резервдин жыйыны башталды. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

“Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Мыйзамына ылайык, аскер комиссариаттарында жана топтоо пункттарында жарандарды мобилизациялык резервдин жыйынындарына чакыруу иш-чаралары өткөрүлүүдө.

Жогоруда белгиленген Мыйзамдын 21-беренесине ылайык, жыйырма эки жашка чыккан, аскердик же альтернативдик кызматтарды өтөбөгөн, аскерге чакырууну кийинкиге калтырууга же бошотууга ээ болбогондор мобилизациялык резерв жыйындарын өтөөгө укукттары бар.

Ушул максатта, 2020-жылдын 15-июнунан баштап Балыкчы шаарындагы КР Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин аскер бѳлүгүнүн базасында мобилизациялык резервдин жыйыны башталды. Кыргыз Республикасынын бардык региондорунан жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки 150гѳ жакын чакырылуучулары бир ай бою аскер ишине үйрѳнүшѳт. Окуу жыйындын аягында катышуучулар Аскердик ант беришип, запаска киргизилип, жашаган жери боюнча биринчи категориядагы аскерге милдеттүү жаран катары каттоого алынат”, - деп айтылат маалыматта.

Жыйындарды өткөрүү жерлеринде жөнөтүүнүн алдында бардык катышуучулар санитардык-карантиндик талаптарга ылайык коронавирус инфекциясына карата экспресс-тесстерден өтүштү. КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн алгоритмге ылайык, жыйын башталгандан 12 күндөн кийин, аскердик медицина кызматкерлери кайрадан ПЦР анализдери жүргүзүлөт.

Ушундай эле жыйын өлкөбүздүн түштүк аймагында өткөрүү 2020-жылдын 1-июлуна мерчемделген.

Пикир

Оставить комментарий