• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жалал-Абад: Аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, суу чачкан окуя боюнча иш соттун кароосуна жиберилди

Аймак 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, суу чачкан окуя боюнча иш соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарда аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып, бетине уруп жаткан видео тараган. Бул окуя 2020-жылдын 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алган. Алар Сузак районунун 1968-жылы туулган тургуну Б.З. жана 1973-жылы туулган М.Д. аттуу аялы болгон.

Бул окуя Сузак РИИБинин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) жана КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Шектүү Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул факты Сузак РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан толук тергелип бүтүп, шектүүгө карата КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) менен айыбы угузулуп, өндүрүш иши 2020-жылдын 17-июнь күнү соттун кароосуна жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий