• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 19 адамдын анализинен коронавирус табылды. Жалпы 449

COVID - 19 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 15-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 19 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 449 кишиге жетти.

"Жаңы учурдун ичинен Бишкекте - 5, Ошто - 12, Ош облусунда - 2 адам бар. Алардын 14ү аял, 5и эркек", - дейт ал.

Өлкө боюнча жалпы катталган 449 учурдун ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда – 93
  • Ош облусунда – 130
  • Ош шаары – 71
  • Чүй облусунда – 28
  • Бишкек шаары – 82
  • Баткен облусунда – 5
  • Нарын облусунда – 34
  • Ысык-Көл облусунда – 6. Катталган учурлардын ичинен 244 аял, 205 эркек.

Пикир

Оставить комментарий