• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанда Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерге биргелешкен тышкы баалоо жүргүзүлөт

Ден соолук 0

Бишкек, 03.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерге биргелешкен тышкы баалоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн КР министрлер кабинети Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерге Биргелешкен тышкы баалоо миссиясын кабыл алууда.

Коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтардын алдын алуу, аныктоо жана тез арада чара көрүү боюнча Кыргызстандын потенциалын баалоо үчүн 2023-жылдын 3-июлунан 7-июлуна чейин өтө турган бул миссияга ар кайсы өлкөлөрдөн, техникалык институттардан жана БУУнун агенттиктеринен келген 15 эл аралык техникалык эксперт катышат.

Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы эл аралык жана улуттук эксперттердин катышуусу менен биргелешкен процесстин алкагында иммундаштыруу, лабораториялар жана башка 19 техникалык тармакты изилдейт.

Бул эксперттер КРнын бийлик өкүлдөрү менен бирге жума ичинде боло турган биргелешкен талкууларга катышат жана жер-жерлерге сапарларга да барышат. Бул миссиянын максаты саламаттык сактоо системасынын коопсуздугу жаатында Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптуу баалоо, кемчиликтерин жана күчтүү жактарын аныктоо, ошондой эле коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу үчүн өлкөнү баалуу маалыматтар менен камсыз кылуу болуп саналат.

Кыргызстан ДССУнун Европа регионундагы 53 өлкөнүн ичинен биргелешкен тышкы баалоонун экинчи раундун өткөргөн биринчи өлкө болуп саналат. Бул жетишкендик Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын коопсуздугунун потенциалын чыңдоого жана калктын бакубаттуулугун камсыз кылууга умтулгандыгын көрсөтөт.

Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан саламаттык сактоонун коопсуздугу боюнча стратегиялык жана оперативдүү Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгууга дем берүү менен саламаттык сактоо системасынын коопсуздугун чыңдоодо чечүүчү ролду ойнойт.

“Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди ишке ашыруу жана жалпы эле саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты камсыздоо биздин өкмөттүн башкы орундагы милдети болуп саналат. Эл аралык кесип өтүүлөр кеңири жайылган мезгилде эффективдүү медициналык-санитардык коргоо калктын саламаттыгын камсыз кылуунун ажырагыс бөлүгү болуп калууда. Биргелешкен тышкы баалоо көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди гана ачып берүүчү терс процесс катары каралбашы керектигин түшүнүү керек. Тескерисинче, бул өзүңдүн жетишкендиктериңди жана потенциалыңды көрүү, ошондой эле андан ары жакшыртуу боюнча сунуштарды алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк”, - деди саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

ДССУнун Кыргызстандагы Аймактык директорунун атайын өкүлү жана кеңсе башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу доктор Шахин Хусейнов бул ыктыярдуу биргелешкен тышкы баалоо миссиясынын маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Кыргызстандын Биргелешкен тышкы баалоонун ыктыярдуу миссиясын кабыл алууга даярдыгы анын саламаттык сактоо системасынын коопсуздук потенциалын чыңдоого жана өз калкынын бакубаттуулугун камсыз кылууга умтулгандыгын көрсөтүп турат. Бул баалоонун жыйынтыктары жана сунуштары өлкөнүн даярдыгын жогорулатуу жана чара көрүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча келечектеги аракеттерге багыт берет.»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана CDC саламаттык сактоонун коопсуздугун бекемдөө жана өз жарандарын коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтардан коргоону камсыз кылуу аракетинде Кыргызстанды колдоого мурдагыдай эле даяр.

CDCтин Кыргыз Республикасы боюнча өлкөлүк директору Доктор Patrick Nadol: «Бүгүнкү өз ара тыгыз байланышкан дүйнөдө глобалдык саламаттык сактоо коопсуздугу болуп көрбөгөндөй маанилүү. CDC экинчи Биргелешкен тышкы баалоону өткөрүү үчүн Кыргызстан жана өнөктөштөр менен кызматташта болгонуна кубанычта. Бул системалуу көп сектордук баалоолор коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтардын алдын алуу, аныктоо жана аларга чара көрүү жаатында Кыргызстандын потенциалын бекемдөө үчүн колдонула турган бир катар тармактар боюнча негиз салуучу маалыматты берет.»

Маалымат үчүн: Биргелешкен тышкы баалоо — бул ыктыярдуу, биргелешкен, көп секторлуу процесс, өлкөнүн коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтарды, алар табигый жол менен пайда болобу, же атайылап же кокусунан болгон окуялардын натыйжасында пайда болобу, алдын алуу, аныктоо жана аларга тез арада чара көрүү жөндөмдүүлүгүн баалоо. Биргелешкен тышкы баалоо өлкөлөргө адамдын жана жаныбарлардын ден соолугун коргоо системасындагы эң маанилүү боштуктарды табууга, даярдыкты жана чара көрүүнү жогорулатуу үчүн артыкчылыктуу мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого жардам берет.

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) Америка Кошмо Штаттарынын саламаттык сактоо боюнча алдыңкы улуттук агенттиги болуп саналат. CDC ооруларды, жаракаттарды жана майыптуулукту көзөмөлдөө жана алдын алуу аркылуу коомдук ден соолукту жана коопсуздукту коргоо үчүн иштейт.

CDC дүйнө жүзүндөгү өлкөлөргө коомдук саламаттык сактоо жаатындагы потенциалын бекемдөө үчүн техникалык экспертиза жана колдоо көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий