• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда күзүндө майыптыгы барлар арасында шашки боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда күзүндө майыптыгы барлар арасында шашки боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргыз улуттук паралимпиада комитетинин вице-президенти Эрмек Мукашев билдирди.

Анын айтымында, майыптыгы барлар арасында шашки боюнча дүйнөнүн 3-чемпионаты Ысык-Көл облусундагы “Аврора” санаториясынын базасында үстүбүздөгү жылы 3-15-сентябрь аралыгында өтөт.

Катышуучулар Борбор Азия өлкөлөрүнөн, ошондой эле Литва, Польша, Германия, Россия, Беларусь жана Украинадан келген майыптыгы бар жарандар болот.

“Биз 150дөй спортчуну күтөбүз. Учурда катышуучулардын тизмесин чогултуп жатабыз, иш-чараны жогорку деңгээлде өткөргүбүз келет. Келген конокторго өлкөбүздүн жаратылышынын бардык кооздугун көрсөтүү үчүн Ысык-Көлдү бекеринен тандап алган жокпуз”, - деди Эрмек Мукашев.

Пикир

Оставить комментарий