• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 3 миң 462 киши дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 3 миң 462 киши дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бүгүнкү күнгө карата ооруканаларда 1 миң 737 жана үй шартында 1 миң 725 адам дарыланууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 298 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 49 миң 528ди түзөт. Алардын ичинен 44 миң 522 киши айыгып чыкты, 1 миң 90 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий