• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 2 жаӊы учур катталды. Жалпы 44

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту жуктурган 2 учур катталып, ооругандардын саны 44 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, илдетти жугузуп алгандар 1960-жылкы (Бишкек шаары) жана 1985-жылкы (Чүй облусунун Москва району) эркек кишилер.

"60 жаштагы киши Испаниядан учуп келген жарандан жуктуруп алган (байланышта болгон). Ал аны аэропорттон тосуп алган экен. Бирок ал жаран кайрадан Испанияга учуп кеткен. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна аталган жаран боюнча атайын маалымат берилди. Ал эми экинчи бейтап Дубайдан учуп келген. Учурда экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат", - деди ал.

Ошентип, бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирус жуктурган 44 учур аныкталган, алардын ичинен:

-Ош облусунда – 20 учур,

-Жалал-Абад облусунда – 19 учур,

-Бишкек шаары – 3 учур,

- Чүй облусунда – 1 учур,

-Баткен облусунда – 1 учур.

Пикир

Оставить комментарий