• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанда ооруканаларда 7 миң 165 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 7 миң 165 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 2 миң 64 адам жана 5 миң 101 бейтап пневмониядан дарыланууда.

"Бишкек шаарында 2 миң 806 киши, Ош шаарында – 584, Чүй облусунда – 696, Ош облусунда – 1 миң 123, Нарын облусунда – 139, Ысык-Көл облусунда – 665, Жалал-Абад облусунда – 618, Талас облусунда – 149, Баткен облусунда 385 бейтап ооруканаларда дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 549 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 38 миң 659ду түзөт. Алардын ичинен 30 миң 99 киши айыгып чыкты, 1 миң 447 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий