• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда үшүк жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 13-15-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда жаан, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

13-15-октябрларда абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0...-2° үшүк, күндүз 5…10°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1...-3° үшүк, күндүз 4…9°, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1...-3° үшүк, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 11…16°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0...-2° үшүк, күндүз 5…10°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…+2°, күндүз 4…9° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 1…6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12- октябрда күндүз жана 13-14-октябрларда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Мөмө жана жашылча-жемиштерди үшүк уруу коркунучу бар.

Пикир

Оставить комментарий