• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда шайлоо участкаларынын 84%ы пандустар менен камсыздалган

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда шайлоо участкаларынын 84%ы пандустар менен камсыздалган. Бул тууралуу Президенттик шайлоону жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки президенттик шайлоодо 29%, парламенттик шайлоодо 75%, бүгүнкү күндө 84% шайлоо участкалары пандустар менен камсыздалды.

Шайлдабекова белгилегендей, Нарын жана Талас облустарында шайлоо участкаларынын 98%ында пандустар орнотулган.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум 10-январда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий