• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кыргызстанда өткөн айга салыштырмалуу көмүрдүн орточо баасы 2,3 пайызга төмөндөдү

Коом 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн айга салыштырмалуу көмүрдүн орточо баасы 1 тоннасы үчүн 107,17 сомго же 2,3 пайызга төмөндөдү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, ноябрь айынын экинчи жумасына салыштырмалуу көмүргө болгон баа 89,26 сомго же 1,9 пайызга төмөндөгөнү байкалган.

Алсак, 12-декабрга карата Баткен шаарында 1 тонна көмүр 7611,66 сом, Ноокатта 1 тонна көмүр 7484,88 сомдон сатылууда. Ал эми Исфана шаарында бир тонна көмүрдүн баасы 6493,7 сомго бааланууда.

Ошондой эле Балыкчы шаарында 1 тонна көмүр 3 694,59 сом, Нарын шаарында 3500 сом жана Чаек айылында 2500 сомдон сатылууда.

Пикир

Оставить комментарий