• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 6-августта саат 12:41де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Чүй облусундагы Панфилов районунун Орто-Кайырма, Букара, Тельман айылдарында жана Жайыл районунун Сосновка, Сары-Булак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий