• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ноокенде айылдашынын огунан 15 жаштагы өспүрүм каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Ноокенде айылдашынын огунан 15 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-августтан 26-августка караган түнү саат 00:30 чамаларында Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын 42 жаштагы С.Б. аттуу тургуну почтанын жанында топтолуп отурган балдар тарапка өзүнүн мергенчилик куралынан бир ирет ок чыгарган. Ок аталган айыл аймактын 15 жаштагы тургунунун баш тарабына тийип, өспүрүм алган жараатынан улам ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

Окуя Ноокен РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү катары Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын 42 жаштагы С.Б. аттуу тургуну кармалып, 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий