• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандагы сугат жерлердин 4,4 миң га аянтынын мелиоративдик абалы жакшыртылды

Коом 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Кыргызстандагы сугат жерлердин 4 миң 472 гектар аянтынын мелиоративдик абалы жакшыртылды. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков министрликтин 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.

Анын маалыматына караганда, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1576,4 млн сомдук каражатка төмөнкү иштер бүткөрүлдү:

  • 5 ирригация объекттин курулушу;
  • 634,7 чакырым каналдын;
  • 683 гидротехникалык тосмонун;
  • 275 гидрометрикалык тосмонун;
  • 8 суткалык жөндөө бассейндин;
  • 105 насостук станциянын;
  • 172 насостук агрегаттардын оңдоо;
  • 23 насостук агрегаттарды алмаштыруу;
  • 223,6 км коллектордук-дренаждык торчолордун механикалык тазалоосу аягына чыгарылды.

"Жыйынтыгында сугат сууну жеткирүүдөгү жоготуулар 30 пайызга, сугат сууну жеткирүү 20 пайызга жогорулады", - деп кошумчалады министр.

Пикир

Оставить комментарий