• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстандык Казакстанга жасалма паспорт менен өткөнгө аракет кылган

Коом 0

Бишкек, 15.09.17. /Кабар/. Кечээ, 14-сентябрда кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунан жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалган.

КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдиргендей, “Ак-Тилек” көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунан пасопртторду текшерүүдө Кыргызстандын жараны 1972-жылы туулган Ф.Б. жасалма паспорт көрсөткөнү аныкталган. Кармалган адам Кыргызстандан Казакстанга өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулуп кармалган адам Чүй облусу боюнча УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий