• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү $5,6 млрд түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Алдын ала маалымат боюнча, 2019-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү $5,6 млрд түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитеттин билдиришти.

Статистика комитетинен белгилешкендей, соода жүгүртүү былтыркы жылдын январь-октябрь айына караганда 2,1%га азайган. Ошол эле учурда экспорт 14,1 %га артса, импорт 7,2%га азайган.

ЕАЭБге кирген мамлекеттер менен болгон сооданын көлөмү 9 ай аралыгында 2 млрд 185 млн долларды түзгөн. Өткөн жылга (январь-октябрь) салыштырмалуу ал 3,8%га аз болгон.

Ошол эле учурда экспорт 2,5%га жана импорт 4,1%га азайган.

Пикир

Оставить комментарий