• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өлкө аймагында 3-октябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Эртең, 29-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт,калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

30-сентябрда жана 1-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

2-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ биртоолуу райондордо бир аз жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт,дыйканчылык аймактардажаан-чачын күтүлбөйт. 3-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

4-5-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Талас, Лейлек,Базар-Коргон райондорунун токойлорунда өрттүн жогору коркунучу бар,калган аймактардын токойлорунда өрттүн коркунучу жок.

Пикир

Оставить комментарий