• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Май айында бажы төлөмдөрүнөн 9,6 млрд сом чогулду

Экономика 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын май айына карата республикалык бюджетке иш жүзүндө 9,6 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, коюлган план 122,5%га аткарылган, же 1,8 млрд сомго ашыгы менен чогултулган.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүү 5,6 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 244,1%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий