• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттик жактоочулардын кызмат акысы 2-3 эсеге көбөйдү – Калбеков

Коом 0

Бишкек, 30.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мамлекеттик жактоочулардын кызмат акысы 2-3 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Анын айтымында, мамлекет тарабынан калкка акысыз укуктук жардам эки түрдө көрсөтүлөт.

"Алар өлкө аймагындагы 28 борборунда укуктук кеп-кеңеш жана адвокаттык жардам. Адвокаттык жардам көрсөтүүдө мыйзам айрым критерийлерди коет. Мыйзамга ылайык, 2020-жылы жарандын айлыгы 9 миң 750 сомдон ашпаса, анда ал акысыз жактоочунун кызматын колдоно алат. Жактоочу мамлекет менен келишим түзүп, кайрылган жаранга акысыз юридикалык жардам көрсөтөт. Жеке жактоочу мамлекет менен келишим түзгөндүктөн сапаттуу ишти талап кылабыз", - дейт ал.

Калбеков жактоочуларга да стандарттар коюлганын айтат.

"Акысыз жактоочу дегенде калк арасында сапатсыз деген түшүнүк пайда болот. Мындан улам адвокаттарга да стандарттар коюла баштады. Эгер адвокат ал стандарттарды аткара алса, анда мамлекет каржылап берет. Мамлекеттик жактоочулардын кызмат акысы 2-3 эсеге көбөйдү. Алсак, 2017-жылы адвокаттын эмгегине мамлекет тарабынан 16-17 млн сом бөлүнсө, 2019-2020-жылы 60-70 млн сом каралды", - деди Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору.

Ал белгилегендей, 2019-жылдын жыйынтыгында 14 миңден ашык адамга адвокаттык жардам берилди.

"Биздин акысыз жактоочулардын жардамы менен 8 жаран акталган. Эгемендик алгандан бери акысыз адвокаттардын жардамы менен бир дагы адам акталган эмес эле. Аны менен бирге 14 миң адамдын 60 пайызында сот токтотулган же жылдырылган. Башкача айтканда, жарандар акысыз жактоочулардын ишине канааттанган. Баары жакшы деп айта албайм, айрым көйгөйлөр да жок эмес", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий