• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ММУнун профессору: “Чыңгыз Айтматов – планетардык ой жүгүрткөн сүрөтчү

Коом 0

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган III “Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” эл аралык Ысык-Көл форуму Кыргызстандын берметинин жээгинде уланууда. Генийдин жашоосун, чыгармачылыгын талкуулоо үчүн дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн окумуштуулар, тарыхчылар, филологдор жана ойчулдар келишкен. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган форум адамзаттын баалуулуктарынын маанилүүлүгүн, жаратылышты сактоо идеяларынын жана жөнөкөй жарандын жашоосундагы анын маанилүүлүгүнүн талкуулоонун уникалдуу аянтчасы болду.

Филология илимдеринин доктору, М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Николай Анастасьев “Кабар” агенттигине Айтматовдун чыгармаларынын ичинен өзүнө жакканын, форум жана жазуучунун планетардык ой жүгүртүүсү тууралуу айтып берди.

- Эмне үчүн докладыңызга “Чыңгыз Айтматов – планетардык ой-жүгүртүүсү бар сүрөтчү” темасын тандап алдыңыз?

- Ал чыгармачылык ишмердүүлүгүн “Биринчи мугалим”, “Жамиля”, “Гүлсарат” повесттери менен ийгиликтүү баштады. Мунун баары таза, назик жана лирикалык сөз болду. Жадакалса сүйүүнү жакшы түшүнгөн француз Орогон эч качан сүйүү тууралуу “Жамилядай” повестти окубагандыгын айткан. “Кылым карытар бир күн” жана “Ак кеме” чыгармаларынан баштап Айтматов башка аймакка кирген. Ал ошол жакта калды, азыр да ошол жерде жашайт.

- Айтматовдун чыгармаларынын арасынан сизге жаккканы?

- Менин оюмча, бул “Ак кеме” повести. Ал сүрөтчү катары уламыштын, азыркы учурдун мейкиндиктерин айкалыштыра алгандай сыяктанат.

- Айтматовдун Ысык-Көл форумун улантуу идеясы тууралуу эмнелерди айтат элеңиз?

- Идея албетте жакшы. Бирок мындай форумдар Айтматовдун көркөм дүйнөсү тууралуу эмес, анын тынчсыздануусу жана дүйнөнүн тагдырлары тууралуу экендигин түшүнүү керек. Биз чындыгында коркунучтуу абалдабыз. 20-30 жыл мурун ал айткан учурдан дагы кооптуураак абалдабыз.

Сүрөтчүлөр, окумуштуу-агартуучулар жана интеллектуалдар чогулган аянтча катары Ысык-Көл форумунун идеясы болуп жаткан нерселерге ой жүгүртүп, аны саясат жасап жаткандарга жеткирүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Пикир

Оставить комментарий