• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мосулда ИМ башчыларынын бири өлтүрүлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. Ирак федералдык полициясы Мосулда «Исалам мамлекетинин» террористтик топторунун Абу Хаджир ар-Руси аты менен белгилүү болгон аскер башчыларынын бири жок кылынгандыгы тууралуу билдирди. Бул тууралуу РИА Новости маалымдайт.

Маалыматка ылайык, өлтүрүлгөн аскер башчы Россиялык болушу мүмкүн.

Ведомствонун башчысы генерал-лейтенант Раед Шакердин айтымында, террористти шаардын батышындагы Ас-Саур районундагы штабына ракеталык сокку жасоо аркылуу жок кылышкан.

Күч кызматкерлери азырынча өлтүрүлгөн согушчандын чыныгы атын, жарандыгын так айта алышпайт, бирок, “белгилүү болгон атына караганда ал Россиядан чыккан болушу мүмкүн экендигин баса белгилешет”.

Буга чейин ирак аскерлери Россиядан чыккан деп божомолдонгон ИМ мунайзат продуктулары тармагын көзөмөлдөгөн Абу Мария ар-Руси жана ИМ аскер башчыларынын бири Мухаджира ар-Руси аттары менен белгилүү согушчандарды жок кылышкандыгын билдиришкен.

Ирак аскерлеринин жана АКШ башында турган коалициянын операциялары Мосулда 2016-жылдын октябрында башталган. Алар шаардын чыгыш бөлүгүн тазалай алышкан. Февралда Ирактын премьери Хайдер аль-Абади батыш бөлүктү бошотуу операциясынын башталышын жарыя кылган. Мартта өкмөттүк күчтөр Мосулдагы ИМ террористтеринин бардыгы курчалгандыгын жана алардын Сириядагы согушчандар менен байланышы үзүлгөндүгүн маалымдашкан. Ирак күч түзүмдөрү шаардын батыш бөлүгүнүн үчтөн бирин көзөмөлгө алгандыктарын ырасташкан.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий