• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Салык кызматы лотереянын жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырууну улантууда

Экономика 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 26-июндан 1-июлга чейин болуп өткөн "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырууну улантууда.

МСКнын маалыматына караганда, 1 132 жеңүүчүгө сертификаттарды берүү 1-августта башталып, августтун аягына чейин уланат.

Бишкектен жеңүүчүлөр сертификаттарын Салык кызматынын борбордук аппаратынан, ал эми региондордун жашоочулары тиешелүү аймактык салык органынан алышат.

Белгилей кетсек, жеңүүчүлөргө сыйлыктар сертификаттарды тапшыруу процесси аяктагандан кийин 3 айдын ичинде тапшырылат.

Эскерте кетсек, 25-30-декабрь күндөрү лотереянын экинчи этабы өтөт, анын алкагында Бишкекте 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен ойнотулат.

Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" тиркемесин жүктөп алуу жана катталуу жетиштүү. Андан кийин тиркеме аркылуу товар же кызмат сатып алуудан кассалык чекти сканерлөө керек.

Пикир

Оставить комментарий