• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

NASA озон тешиги кичирейгенин маалымдады

Дүйнө 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Түштүк уюлдун үстүндөгү озон тешиги 37 жылдан бери биринчи жолу рекорддук деңгээлге чейин кичирейди. Бул тууралуу NASA кабарлады. Озон тешиги 1980-жылы табылган.

Аэрокосмикалык агенттиктин маалыматына караганда, учурда озон катмарындагы тешиктин орточо көлөмү 9,3 млн. чарчы метрди түзүүдө, адатта ал сентябрдын аягында – октябрдын башында 20,7 млн. чарчы метрге чейин чоңоюп турат.

– Бул абдан жакшы кабар. Демек, жер шары озондун калың катмары менен капталып, ультрафиолеттик нурлануунун деңгээли азаюуда, – деди окумушту Пол Ньюман.

Стратосферадагы озон зыяндуу ультрафиолет нурларын жутуп алат, бул тери рагын, катаракт ооруларын пайда кылат, иммундук системаларды начарлатып, өсүмдүктөргө зыян алып келет.

Окумуштуулар Озон тешигинин кичирейишине уулу заттардын абага тарашын азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралардан мурун климаттын өзгөрүшү себеп болуп жатканын белгилешүүдө. Ньюмандын айтымында, быйыл атмосферанын үстүндөгү орточо температура 29 градуска жогору болгон.

1987-жылы иштелип чыккан Монреаль эл аралык протоколуна ылайык, көптөгөн хлор кошулмаларына, маселен, муздаткычтарда колдонулуучу айрым аэрозолдорго, чач үчүн лактарды өндүрүүгө тыюу салынган. Мындан кийин озон тешиги акырындык менен кичирейе баштаган.

Тешик сентябрь-октябрь айларында максималдык өлчөмгө жетип, декабрдын соңунда жоголуп кетет.

Пикир

Оставить комментарий