• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Насирдин Акылбеков жеңил атлетика боюнча кураманын башкы машыктыруучусу болду

Спорт 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Насирдин Акылбеков Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болду. Бул тууралуу өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-сентябрда аталган федерациянын эл аралык кызматташтыктын коомчулук менен байланыш жана мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн башчысы Кайрат Хамил уулу, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Мелис Тобокелов, Улуттук олимпиада комитетинин өкүлү Марат Аскарбеков, Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов жана Бишкек мэриясынын алдындагы спорт мектебинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

Жыйында Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы болуп Мелис Надыров шайланды.

Ал эми Иван Щербаков федерациянын аткаруучу директору, Насирдин Акылбеков Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий