• 88.68
  • 95
  • 0.95

Некролог - Башкы прокуратуранын ардагери Валентина Ефремова көз жумду

Коом 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9-апрелинде Башкы прокуратуранын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Ефремова Валентина Ивановна 84 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Валентина Ивановна 1937-жылдын 19-февралында Кыргыз ССРинде төрөлгөн. 1959-1964-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку советинин президиумунда иштеген. 1964-жылы кыргыз прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып, алгачкы эмгек жолун эмгек жолун Кыргыз ССРинин прокуратурасынын сот отурумундагы кылмыш иштерди кароону көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору болуп баштаган.

Валентина Ивановна прокуратура органдарындагы кызматтын ар түрдүү тепкичин басып өтүп, 1999-жылдан тартып КР Башкы прокуратурасынын ардагерлеринин катарын толуктаган.

Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Валентина Ивановнанын жаркын элеси ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин эсинде ар дайым сакталат.

Прокуратура органдарынын жалпы жамааты маркумдун жакындарынын жана туугандарынын аза кайгысын теӊ бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий